КОРОНАВИРУС COVID-19

Кыргызстанга Sinopharm вакцинасынын 1,25 миллион дозасы келди

Кыргызстанда алгачкы эмдөө Кытайдын Sinopharm вакцинасын колдонуу менен башталган. Кийинчерээк ал жок калып, кыргызстандыктар “Спутник V” менен эмделип жаткан.

Кытайдын Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин кыргыз өкмөтү Кытайдан 1,1 миллион доза Sinopharm сатып алганы жана анын атайын чартердик каттам менен жеткирилери айтылган. Ушул эле борт менен Кытай тарабынан акысыз негизде берилген 150 миң доза вакцина да алып келинди.

Өткөн аптада министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Sinopharm вакцинасы облустар боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлө турганын айткан:

  • Бишкек — 240 миң доза;
  • Ош шаары — 110 миң;
  • Ош облусу — 175 миң;
  • Чүй облусу — 200 миң;
  • Ысык-Көл облусу — 120 миң;
  • Жалал-Абад облусу — 165 миң;
  • Баткен облусу — 80 миң;
  • Нарын облусу — 80 миң;
  • Талас — 80 миң.

Sputnik

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген