Шаар акими Абиш Халмурзаев тарыхый эстеликтер шаар көркүн гана ачпастан, ал элге эстетикалык ырахат берүү менен жаштарды мекенчил кылып тарбиялоого зор көмөк көрсөтөт-деп белгиледи өз сөзүндө.
Жаштарды элди, жерди сүйүүгө тарбиялоонун башаты эстеликтер. Бүгүнкү күндө Кызыл-Кыяда бирин-экин эстеликти эске албасак, көзгө көрүнүктүү эстеликтин жоктугу өкүндүрөт. Жакынкы аралыкта бир жакшы эстелик койсок деген тилек бар, муну колго алабыз деп билдирди.
Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити