МАЕК

Көгүлтүр от, көйгөй эмес…

Кызыл-Кыя шаарынын «Январский» ТОСунун аймагындагы Юбилейная жана Чехов көчөлөрүндөгү үйлөргө жаратылыш газын берүүчү газ түтүктөрүн жана жабдууларын «Кыргызгаз» ААКнун балансына кайтарымсыз (безвозмездно) өткөрүп берүү жөнүндө, 2014-жылдын 17-январындагы шаардык Кеңешинин (У-чакырылышы) кезексиз Х1У сессиясында талкууланды. Андагы бир топ жүйөөлү суроолор менен жооптордун негизин тактоо максатында, биз Баткен газ чарба башкармасынын Кызыл-Кыя, Үч-Коргон газ чарба участкасынын жетекчиси Абдыкалил Нарбаевич Балтаевге кайрылдык.

КыргызГаз - жамааты Сүрөт автордуку

КыргызГаз — жамааты
Сүрөт автордуку

-Абдыкалил Нарбаевич, Кызыл-Кыя шаардык Кеңешинде каралган маселелердин айрымдары элге түшүнүктүү болушу үчүн, жаратылыш газынын бүгүнкү күндөгү абалына кеңири токтолсоңуз.
-Жакшы болот. Бул сөз кечээ же бүгүн эле чыккан маселе эмес. Эгемендүүлүктүн башынан бери эле болуп келе жатат. «Кыргызгаз» өткөн жылдын аяк жагында Россиянын «Газпрому» менен келишим түзгөнү ырас. Бирок, биз азырынча «Кыргызгаздын» көрсөтмөсү менен эле иштеп жатабыз. Өзбекстан менен келишимди өзүбүз түзүп, ар бир ай сайын алган газдын акчасын төлөп, ички-сырткы ремонт иштерин жүргүзүүдөбүз. Россиядан бизге эч кандай көрсөтмө келе элек.
Россиянын «Газпромуна» өтүү даярдыктары көрүлүп жатат. 2014-жылдын 1-апрелинен кийин гана алардын көрсөтмөсү болушу мүмкүн. Ага чейин газды пайдалануучу жарандар, ишкана-мекемелер, завод-фабрикалар өздөрү буга чейин пайдаланып келген газ түтүкчөлөрүн жана жабдууларын алдын-ала «Кыргызгазга» өткөрүлүшү зарыл болууда. Кызыл-Кыя шаарындагы жана Үч-Коргон айылынын жашоочулары буга өздөрү кызыктар.
Учурдагы иштерге токтолсом, Кызыл-Кыя жана Үч-Коргон аймактарындагы 67 коммерциялык (булардын ичинде рестрон, чайкана, кафе, навайканаа, балдар бакчасы ж.б. кирет), 2985 жеке пайдалануучу абоненттерди тейлейбиз. Анын ичинде 618 көп кабаттуу үй болсо, калганы жер үйдө жашоочулар болуп эсептелинет. Буларды биздин 17 кызматкер тейлеп келишүүдө.
-Депутаттардын талашын жараткан жер маселесине токтолсоңуз?
-Буга чейин пайдаланып келген газ түтүкчөлөрү турган жерлер Кыргызстандын жери болгондуктан, кыргыз жарандары үчүн эч кандай ижара же төлөм жөнүндө сөз болгон эмес. Болушу да мүмкүн эмес болчу. Эми «Кыргызгаз» Россия менен келишим түзгөн соң, эки ортодон бир келишим чыгат деген ойдобуз. Азырынча тигиндей же мындай деп айтуу эрте.
Бирок, газ түтүктөрү өткөн жерлер «Кыргызгаз» мурда кандай пайдаланса, ошол эле бойдон калары анык. Анткени, газ түтүктөрү аба мейкиндигинен өтпөйт да. Жер жөнүндөгү талаш маселе иштин ыңгайына карап чечилет деген пикирдемин.

Балтаев Абдыкалил Сүрөт автордуку

Балтаев Абдыкалил
Сүрөт автордуку

-Россия менен түзүлгөн келишимде, «газ жетпеген жерлерге газ жетип, газ өтүчү жабдык-түтүктөрдүн баары жаңырат»- деген эле. Сиздин буга оюңуз?
-Алдыдагы план-максаттар «Кыргызгаздын» өзүндө да бар болчу. Анда деле ошондой айтылган. Ош,Баткен областтары да миллиондук каржылоого алынып, Өзбекстандан газ алынуучу беш түйүн бириктирилип, Майлуу-Суу жана Өзбекстан менен талашта келе жаткан Түндүк Сох газ сакталуучу жайлары калыбына келтирилет деп. Муну өзгөчө Тургунбек Кулмурзаев ар бир жыйын сайын айтып, ишке ашырылуусу сөзсүз керек экендигин адис катары айтып келе жатканын баарыңыздар эле билесиздер деп ойлойм. Эң башкысы газ менен үзгүлтүксүз камсыз болушуна кепилдик бар.
Газдын баасы кандай болот?
-Биздин аймакты эле айтайын. Учурда 1 куб газдын баасы 15 сом 50 тыйындын айланасында. Элге түшүнүктүү болуш үчүн айта кетейин, газ доллар менен өлчөнгөндүктөн, сөзсүз түрдө ал өйдө-төмөн болуп турат. Андыктан бир санды айтыш кыйын. Жер үйдө жашаган абоненттер жылытуу системасын кошуп иштеткендиктен алардын орточо пайдалануусу, бир айда 3500 сомдон 4000 сомго чейин жетсе, көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар жылыттуу системасын иштетпегендиктен 250 сомдун айланасында гана иштетишет. Менимче бул өтө арзан отун деп айтууга болот.
Россияга өткөндө деле анчалык кымбат болбойт деп ойлойм. Өзбекстандан 290 долларга, Казакстандан 224 доллардан буга чейин алып келсек, «Газпромдун» келишими боюнча мындан да төмөнкү суммада көгүлтүр отту жагып калабыз деген ишеним бар.
Кызыл-Кыя, Үч-Коргон аймактары боюнча газга муктаж жерлер өтө көп. Аларга качан «көгүлтүр от» жетет?
-Бүгүнкү күндө Январский, Кенчилер кичирайондорундагы 4,6, 17- үйлөр даяр. Жакынкы күндөрдө көгүлтүр отту болушат. Чындыгында газга болгон талап өтө күчтүү, бирок газ түтүкчөлөрүн коюу, ага кеткен каражат-жабдыктар пайдалануучунун өз эсебинен болгондуктан бир аз кыйынчылыктар жаралып жаткандыгын жашырсак болбостур.
Ошого карабай, элдин эңсөөлөрү акырындык менен болсо да ишке ашууда. Эсиңиздерде бар чыгар, бир кезде газдын баасы ашып кеткендиктен көптөгөн пайдалануучулар үйлөрүнө кирген газ түтүкчөлөрүн кестирип ташташкан. Учурда алар кайрадан улаштырып, газдын үнөөмдү экендигине ынанып жатышат.
Учурда бир күндө канча куб газды эл керектөөдө? Газды өчүрүүлөр болуп жатабы? Аны пайдаланган жарандар, төлөмдөрүн төлөп берип жатышабы, качан болсо газдан карызбыз деген сөздөр көп айтылат?
-Биздин аймакта ай сайын орточо эсеп менен 100.000 куб. газды пайдаланышат. Андан көп пайдаланышса да газдын тартыштыгы 2013-жылы болгон жок. Ремонт үчүн гана өчүрүлбөсө, газ токтоосуз берилүүдө. Атайын өчүрүүлөр болот, эгер пайдалануучу өз учурунда акчасын төлөбөсө. Төлөмдөр ай аягында жыйналат. 29-числодо эсеп-кысып бүтөт. Буга эл өздөрү да көнүп калышкан. Контролорлор ар бир ай үчүн жыйнап, газдан карыз болбоого аркет кылып келебиз.
Бирок эл ичинде ар кандай адам болот эмеспи, ошондойлордун бири, жоопкерчиликти сезбеген, 1-кичирайондун 14-үйүнүн 33-батиринин тургуну Венера Камаева 4 миң 500 сомго карыз болуп калып, аны сот аркылуу өндүрүү аракетиндебиз. Мындайлар эл ичинде жок эмес.
Көйгөйлүү дагы кандай маселелер бар?
-Биздин ишканада орчундуу чечилбеген маселелер жок эсе. Көпчүлүгүн ич ара чечип алууга жетишебиз. Учурда күн-түн иштеген атайын күзөт уютурулуп, анда 4 адам эмгектенет. «104» байланыш телефону ар качан кызматта. Андан сырткары атайын авариялык күзөт авто унаасы иштейт.
Эл кызматын кылып, эл алкоосундагы айрым адамдар жөнүндө да айта кетейин. Алар контолерлор А. Дадаев, М. Ураимова, күзөттө турган күзөтчүлөр А. Абдурахманов, А.Мадаминов, ширетүүчү Т. Мамажанов, айдоочу У. Ядгаралиев жана башкаларды сыймыктануу менен атоого болот.
Ырахмат, маегиңиз үчүн.

 

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген