МАЕК

Өлкөнү күчтүү кезинде эле эмес, алсыз кезде да сүйүүбүз керек

Жакында биз Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыядагы технология, экономика жана укук институтунун директору, техника илимдеринин кандидаты, профессор ЗУЛПУЕВ Абдивап Момунович менен маектештик.

–    Абдивап Момунович, сиз учурда жогорку окуу жайды жетектеп турасыз, сиздин иш жаштар менен тыгыз байланышта, учурда Кыргызстандын жаштарына кандай баа бересиз?
–    Ооба, мен аткарып жаткан жумушум жаштар менен тыгыз байланышта. Ошондуктан мен учурдагы жаштардын көйгөйлөрүн, талаптарын, ошону менен бирге жаратып жаткан ийгиликтерин жана жетишкендиктерин жакындан билем. Биздин институтта иштеген кызматкерлердин орточо жашы — 27,5 те. Ушул көрсөткүч да биздин жамаатта негизинен жаштар эмгектенгендигин айгинелеп турат. Учурда Кыргызстандын жаштары өтө курч талаптарды жана токтоосуз аткарылуучу маселелерди көтөрүп чыгууда. Жаштар министрлиги түзүлгөнү да туура болду анткени, жаштардын суроо — талаптарын, көйгөйлөрүн чечүү, жаштардын жараткан жетишкендиктерин, ийгиликтерин колдоп — кубаттоо жана каржылоо ушул министрликке жүктөлүп олтурат.

Зулпуев Абдивап Момунович
Сүрөт автордуку

Студенттер жана жаштар Кыргызстандагы элдин калын катмарын түзөт. Жаштык кез инсандын дүйнө тануусун, көз карашын жана экономикалык, укуктук, саясий маданиятын калыптандыруучу мезгил болуп  саналат. Ошондуктан жаштарды коомдун алдындагы жоопкерчилигин, мекенчилдигин, милдеттүүлүк сезимин көтөрүүчү адеп — ахлактуу позициясын калыптандыруу,  алып бара турган иштердин туура багытын аныктап берүү бардыгыбыздын милдетибиз. Жаштар коомдо зор күч, келечеги кен, көпкө үмүттөндүрүүчү агым, ошондуктан азыркы жаштарга ишеним көрсөтүүгө болот.

–  Бизде   жаштарга   көрүлгөн   камкордук,   колдоо   канчалык  денгээлде?

– Биздин өлкөдө кандайдыр бир денгээлде жаштарды колдоо жана камкордук керүү бар бирок, азыркы жаштарды канааттандырбайт. Буга мисал катары апрель ынкылабын, Ош жана Жалал-Абад окуяларын кароого болот. Бул окуяларга катышкандар да, жабыр тарткандар да негизинен жаштар.

Биздин окуу жайда жаштар үчүн окууга, эмгектенүүгө, эс алууга, спорт менен машыгууга жана ар түрдүү маданий – массалык иш — чараларга катышууга бардык шарттар түзүлгөн.  Жаштар уюму, спорт клуб, аялдар кенеши, көркөм өнөр жана профсоюздук уюмдун жаштар комитети иш жүргүзүүдө.  Драм кружок,  комузчулар ансамбли, эстрада, Манас айтуу секциялары,  спорттун бардык түрү менен машыгууга шарттар бар. Жаштардын шаардык,  областтык жана республикалык масштабдагы КВН, фестиваль, конкурс, спорттук мелдештерге катышуусун  уюштуруу жана даярдоо колдоого алынган.

– Биздин жаштардын билим тандоо багыты туурасында пикиринизди уксак?

–  Бүгүнкү күндө кесип тандоо — келечекке болгон ар бир инсандын алгачкы кадамы. Ар бир кесип ардактуу демекчи, жаштар өзү сүйгөн, кызыккан, жөндөмдүүлүгү бар адистикке көбүрөөк умтулушат. Азыркы убакта көпчүлүк жаштар экономикалык жана юридикалык багыттагы адистиктерди тандашып жатат. Бирок, өндүрүштүн өсүүсү менен эмгек рыногунда техникалык багыттагы адистиктерге талап көбөйүүдө, анткени өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүчү негизги булак — өндүрүш болуп саналат, ошондуктан биздин окуу жай азыркы учурдун талабына ылайык инженердик, экономикалык жана техникалык багыттагы адистиктерди даярдоодо.

–  Сизди,  Кыргызстандын жараны катары биринчи иретте эмне тынчсыздандырат?

– Ушундай сонун жаратылышы, кен пейил, меймандос эли бар Кыргызстандын жараны экениме сыймыктануу менен, алакандай калкымдын биримдиги, ынтымактуулугу жана тынчтыгы биринчи иретте ойлонтот. «Ынтымак бар жерде ырыс бар» демекчи, бүгүнкү күндө курч болуп турган этностор аралык мамилелер, элдик биримдик жана ынтымак, тынчтык маселелери тынчсыздандырат. Ошол себептен мен Кыргызстан жарандарына сабырдуулук жана токтоолук, толеранттуулук, башкалардын укугун сыйлоону жана урматтоону каалар элем.

– Шаар тургуну катары жүрөгүңүздү өйүгөн  2-3 проблеманы жалпылап айта кетсеңиз?  

-Бүгүнкү күндө көйгөйлүү маселелер бир канча, алардын эн актуалдуусу: Таза суу, жолдор, калкты жумуш менен камсыз кылуу. Шаар элин таза суу маселеси кыйноодо, анын жетишсиздиги, сапаттуулугу. Үч-коргон (Исфайрам дарыясы)— Кызыл-Кыя каналынын курулушун кайра жандандыруу мамлекеттик деңгээлде чечүү зарыл.

Жумуш менен камсыз кылуунун эң эле жөнөкөй жолу — Бизнес-инкубаторлорду ачуу, жаңы иш баштаган орто жана чакан ишкерлерге жеңилдетилген пайызда насыя акча, келечегине кепилдик, алгачкы эки жылына салык жеңилдиктери боюнча шарт түзсөк, орто жана чакан бизнес тез өнүгөт. Алардын өнүгүүсү канчалаган жаштарыбызды өз мекенине кайтарат, жергиликтүү өзүн- өзү башкаруудагы шаар, айыл, областтардын бюджетине акча түшөт, бюджет тартыштыгы чечилет. Ал эми экономиканын өсүп өнүгүсү жаштарга иш орун, карыларга кадырлуу карылык, балдарга бактылуу балалык, ишенимдүү келечек, өлкөбүзгө дүйнөлүк аренада татыктуу орун камсыз кылат.

Жогоруда айтылгандардын баары калктын ишке жарамдуу бөлүгүнүн маселелери, ал эми мектеп жашына жете элек балдардын да өздөрүнө тиешелүү маселелери, талаптары бар. Ал балдар бакчасынын жетишсиздиги. Балдар бакчасын ачуу менен, ал жерде жакшы шарттарды түзүү, тамак аш, гигиена, санитардык тазалыкты камсыз кылуу, келечекке бакубат, патриот, чыйрак муундун өсүшүнө кепилдик берет.

– Жетекчи катары ушул күнгө чейин кандай иштерди аткара алдыңыз, шаардын ишине түздөн-түз салым коштум деп эмнелерди айта аласыз?

– Миң уккандан бир көргөн демекчи иштеген жерлердеги жамаат, жашаган жердеги элим өз баасын берет. Окуу жайдын өсүп өнүүгүсүнө, калктын жашоо деңгээлинин жогорулашына, социалдык камсыздоонун бир нукка түшүшүнө, шаардын көрктөнүп өсүшүнө бир канча салымдарымды кошуп жатам десем жанылышпаймын.

– Мен билгенден «Республика» партиясынын мүчөсү элеңиз, кийин СДПКкага өттүңүз, муну кандайча түшүнсөк болот?

– Эң биринчи эле партиянын программасын окуганда, Кыргызстандын өнүгүүсүнө ушул программада камтылган маселелер жүрөгүмө уюду. Ушундай кыйын кырдаалда өлкөнүн патриоту катары өз салымымды кошсом дегем. Ушул партия аркылуу анда мүчөлүктө турган Кыргызстандагы эң мыкты, таза инсандар менен биргеликте ишке ашырышыма көзүм жетип турган. Өлкөнүн өнүгүү багыттарынын — даана көрсөтүлгөнү, партия лидерлеринин саясатта, мамлекеттик башкаруудагы көрсөткөн мыкты иш тажрыйбалары,  ар  бир маселени жеткиликтүү көрө билгендиктери жана эң негизгиси алардын патриоттук сезимдеринин өтө жогорку деңгээлде экендигин баалагам. Өнүгүүнүн эң жөнөкөй жолу бул ар бир инсандын патриоттуулугунда турганын сезчүмүн.

Тилекке каршы мен ойлогон ойлор, тилектер кандайдыр бир бүдөмүктөрдү жаратып жатты. Айтылган сөздөр менен кылган иштери айрым учурларда айкалышпагандыктан, СДПКка партиясына өттүүгө түрткү болду.

-Бул жашоодогу негизги максатыңыз?

-Биз өлкөнү качан күчтүү болгондо гана эмес, ал алсыз болгондо сүйүшүбүз керек. Демек азыр анын мезгили. Максатым элиме кызматым сиңсе. «Өмүр бизден өтүп кетсе, Эл эмгектен эскерсин» урааны менен жашоо. Биз бул ыйык өлкөнү, жерлерди улуу муундан мураска эмес, келечек муундан карызга алганыбыз, аны татыктуу өткөрүп берүүнү эч унутпасак.

-Жакында сиз докторлук диссертацияңызды коргоп келдиңиз. Ал кандай темада, турмушка аша турган, жашоого жакын илимби?

 

Маектешкен: Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу