КЫРСЫК

Кадамжайда дамба 4-5 жеринен жарылып, айылдарды суу каптады

Баткендин Кадамжай районунунда дамба жарылып айылдарды суу каптады.

“Баткен облусунун Кадамжай районунда жааган жаандын кесепетинен, болжол менен саат 23:13 чамасында Ак-Турпак дамба 4-5 жеринен жырылып Ак-Турпак айыл аймактык Кайтмас, Өрүкзар айылдарына коркунуч жараткан. Кооптуу аймактагы элдер кабарланып, болжол менен 1 500 жаран коопсуз жерлерге чыгарылган.

Учурда суунун деңгээли төмөндөп, каптап кетүү коркунучу жоюлгандыгына байланыштуу жарандар өз үйлөрүнө кайтышты. Жеринде ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын башчысы, “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агенттигинин Баткен облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы, ӨКМдин Кадамжай райондук ӨК бөлүм башчысы жана райондук ЖК кызматтары менен биргиликте тактоо иш-чараларын жүргүзүшүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

Барометр.kg

 

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу