ЭКОНОМИКА

Кызыл-Кыя өнүгүү жолунда

Кылым карыткан кыргыздын чыгаан уулдары учуп чыккан Кызыл-Кыя шаары бүгүнкү күндө өнүгүү жолунда алга карай күн санап илгерлөөдө. Арт жакка бир аз кайрылсак кыргыз элинин аталары Төрөбай Кулатов, Апсамат Масалиевдер ушул кызыр колдогон Кызыл-Кыя шаарынан эмгек жолдорун башташып, билим алууга, бийликтин бутактарына кадам таштоого жолдомо берген Кызыл-Кыя шаары.

Сүрөт автордуку

Сүрөт автордуку

Ошол залкар инсандардын абройу, элге кылган ак эмгеги, басып өткөн тарыхый жолдору Кызыл-Кыялыктар үчүн сыймык. Ошондой легендарлуу инсандардын руху менен Кызыл-Кыя шаары бүгүнкү күндө күн санап жаңылануу жолунда.
Кызыл-Кыя шаары Баткен областындагы эң чоң шаар деп аталып, областын 40 пайыз бюджетин толуктап турат. Бул боюнча ар бир багыт боюнча токтолсок. 2014-жылдын январь-апрель айларында социалдык-экономикалык абалына кайрылсак төмөнкүдөй: Капиталдык салымдардын көлөмү 113,5 пайыз. Инвестицияларды тартуу 104,2 пайыз, кредиттерди жана микрокредиттерди тартуу 123,6 пайыз, жумуш орундарды түзүү 100,8 пайыз, социалдык төлөмдөр 108,0 пайыз, турак-жай 129,3 пайыз, жүк ташуу жана жүргүнчүлөрдү ташуу 100 пайыздан жогорку көрсөткүчтөргө ээ болду.
Ал эми шаардагы социалдык фонддогу аракеттер, аткарылып жаткан иштер да натыйжалуу экендигин белгилесек болот. Социалдык фонддук башкармалыгында социалдык камсыздандыруу төлөмдөрдүн жыйноодо, ошондой эле пенциянерлерди өз мезгилинде пенция менен камсыз кылууда жана чегерүү багытында үзүрлүү иш жүргүзүшүп жатышат. Шаардын аймагында жалпысынан алганда 5237 пенгсионер бар, алардын ичинен багар көрөрү жоктор 468ге жетет.
Азыркы учурда орточо пенсия алгандардын пенсиясынын суммасы 4 мин сомдон ашат. Пенсиянерлердин 63 пайызы пенсияларын почтадан алышат, калгандары банктардан алышат. Ал эми 2014-жылдын 4 айында 89835255 сом пенсия таратылып берилди. Бүгүнкү күнгө пенсия боюнча карыздар жок.
Ал эми 2014-жылдын 4 айында жалпы 55000,0 миң сом план тапшырма берилген болсо, анны 56702,2 миң сомго аткарылган, башкача айтканда 103 пайызга жеткен. Былтыркы 2013-жылга салыштырганда 3316,0 миң сомго көп жыйналган. Анын ичинен жеке ишкерлер боюнча 1530,0 миң сом болсо, жеткирилген планды 2086,9 миң сомго аткарып 136 пайызга жеткирген. Дыйкан чарбалар боюнча 146,0 миң сом план берилсе, ал эми аткарууда 206,8 миң сомго жетишкен же болбосо көрсөткүч 142 пайызды түзгөн.
Социалдык фонддун мыйзамдарын калкка түшүндүрүү менен бирге алардын пенсияларын камсыздандыруу, төлөмдөрдүн төлөнүшү, ооруп калса же майып болуп калган учурларда пенсияларын өз учурунда үйлөрүнө жеткирип берүү почта кызматкерлерине милдеттендирилген. Ошону менен биргеликте пенсионерлерге жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жана теле берүү аркылуу түшүндүрүү иштерин такай жүргүзүп келе жатышат.
Киреше булактарынын эң негизгиси бул-салык жыйноо. Бул багыт боюнча да Кызыл-Кыя шаарында мамлекеттик салык кызматкерлеринин аткарып жаткан иштери өз деңгээлинде жүрүп жаткан учуру. Мамлекеттик салык кызматкерлеринин 2014-жылдын 4 ай ичинде мамлекеттин бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышына саресеп салсак төмөнкүдөй.
Мамлекеттик салык кызматынын түштүк аймактар аралык башкармалыгы тарабынан 2014-жылдын 4 ай ичинде 94676,7 миң сом план жеткирилген болсо, 95685,2 миң сом мамлекеттик бюджетке жыйналып же болбосо 101,1 пайызга аткарылган. Өткөн жылдын 4 айына салыштыра келсек бюджетке 28124,5 миң сом ашыкча жыйналып өсүү темпи 141,6 пайызга аткарылган.
Ошондой эле мамлекеттик бюджетке 2014-жылдын 4 айына 5871,8 миң сом план көрсөтүлсө, миамлекеттик бюджетке 62172,8 миң сом жыйналып 105,9 пайызга аткарылган. 2013-жылдын 4 айына салыштырганда мамлекеттик бюджетке 26474,0 миң сом ашыкча жыйналган, өсүү темпи 174, 2 пайызды түздү.
Жергиликтүү салыктардын жыйымынын жыйналышы боюнча 35960,9 миң сом план боюнча көрсөтүлсө, жергиликтүү бюджеттин казынасына 33512,4 миң сом жыйналган, 93,2 пайызды түздү. 2013-жылдын 4 айына салыштырганда жергиликтүү бюджетке 1650,5 миң сом ашыкча жыйналып өсүү темпи 105,2 пайызды түзгөн.
Инвестиция тартуу боюнча өткөн жылы шаардагы эң чоң ишканалардын бири АО «Агропласт» кайра иштетүү ишканасы 170 мин АКШ долларлык кайтарымсыз кредитти шаардын мэриясынын колдоосу менен жана ЮСАИД долбоорунун алкагында ишке ашырылып, анын негизинде 16 жаңыдан иш орундар пайда болуп, шаарга караштуу Ак-Булак жана Караван айылынын жана коншулаш Ноокат, Кадамжай райондорунун жашоочулары 2013-жылы 700 тоннадан ашык жерге тушкон мөмө-жемиштерин тапшырышып, накталай акчаларга ээ болушту. Бул ишкана чыгарган продукциясын Кыргызстанга жана чет өлкөлөргө экспорттоо менен жергиликтүү бюджетке да салым кошуп турат.
Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван аймактык башкармалыгында жалпысынан 2014 гектар жери бар, анын ичинен 1543 гектар суулуу, бүгүнкү күндө суулуу жерлер толугу менен айдалып дыйкандар картошка, жүгөрү, капуста жана башка жашылчаларды эгишип, эгилген үрөндөрүнөн мол түшүм алуусу үчүн эмгектенишип жаткан учуру.
Быйылкы жылы Караван аймактык башкармалыгындагы дыйкандар үчүн өзгөчө жыл болуп жатат. Себеби Талас областында эгилип жаткан төө бурчакты Караван аймактык башкармалыгындагы дыйкандарга эгүүнү сунуштап, учурда 18 гектар жерге төө бурчак эгилди. Бул боюнча Талас шаардык мэриясы менен Кызыл-Кыя шаардык мэриялары өз ара байланышып, Кызыл-Кыядан атайын төө бурчакты эгүүнү, өстүрүүнү билип келүү үчүн адистер жана дыйкандар барышып, жеринде төө бурчакты асыроо эрежелерин үйрөнүшүп келишкен. Учурда Таластан алынып келинген иш тажырыйбаларын төө бурчак эккендерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп жатышат.
Быйыл биринчи жолу эгип жаткандарына карабастан төө бурчак гектарынан 2,5 тоннага жеткирүүнү пландаштырышууда. Ошол эле жерге түшүмдү алган соң экинчи жолу түшүм алууга да кам көрүшүүдө. Бул да болсо айыл элинин социалдык экономикалык жактан өнүгүүсүнө чоң таасир этери анык.
Ар бир райондун, шаардын ийгиликтери менен катар көйгөйлөрү болот. Жогоруда айтылгандай кылым карыткан Кызыл-Кыя шаары табигат тартуулаган агын суусу жок. Саратан учурунда суу маселеси башкы орунга чыгат. . Шаар элинин ичүүчү суу менен камсыз кылуу биринчи кезекте турат. Таза сууну шаардын батыш тарабындагы жашоочуларды Исфайрам суусу, түштүк тарабындагыларга Кулуштан жана Тактек суусу менен камсыздалат.
Айта кетүүчү нерсе суу түтүктөрү 1950-60 –жылдарда жер астына жаткырылган, бүгүнкү күндө же буга чейин ал суу түтүкчөлөрү чирип, сууга басым жасалганда тешилип же атылып жаткан учурлар болуп турат. Бул иштерди Сууканал муниципалдык менчик ишканасынын жетекчилиги жана кызматкерлери ремонт иштерин өз учурунда жүргүзүп, кайрадан калыбына келтирип, шаар элин белгиленген мөөнөттө таза суу менен камсыз кылышып турушат.
Бирок мындай көрүнүштөр менен алдыда үзгүлтүксүз суу ичүү мүмкүнчүлүк болбой калышы мүмкүн.,бул боюнча Сууканалдын жетекчилиги, шаардык мэрия, шаардык кеңеш, шаардык депутаттар долбоорлордун үстүндө иш алып барууда, инвестиция тартуу багытында аракеттер да бар. Учурда суу түтүктөрүн толугу менен кайрадан жаңылоо көзгө тутулууда.
Кызыл-Кыя шаар, андагы жашаган эл үчүн таза суу баалуу байлык. Суунун кадыр-баркы улуу экендигин ага болгон мамилени шаар тургундары жогору баалайт.
Кут конгон Кызыл-Кыя булл көйгөйдөн да аз эле мезгилде арылат. Шаардын келечеги алдыда. Көркү жана тазалыгы жагынан алдыңкы шаарлардан болушуна толук ишеним бар.

Абиш ХАЛМУРЗАЕВ, Кызыл-Кыя шаарыны мэри

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу