МЕЗГИЛ, ИНСАН, ОКУЯ

Мыктылар аныкталды

Кызыл-Кыя шаарында болуп өткөн жыйынга катышкан, “Кыргыз туусу” гезитинин башкы редакторунун түштүк аймактар боюнча орун басары Төлөнбай Абдыразаков, «Түштүк Кыргыз Цемент» заводу 2013-жылда республикада эң мыкты ишкана деп табылды деп билдирди. Белгилүү болгондой, «Түштүк кыргыз цемент» жабык акционердик коому өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмүн 700 тоннага жеткирип, жергиликтүү салыктын, социалдык фонддун төлөмдөрүн эки эсеге жеткиришкендиги үчүн аталган заводдун башкы директору Усольцев Юрий Александрович 2013-жылдын “мыкты жетекчиси” номинациясы менен сыйланды.

«Түштүк Кыргыз Цемент» Сүрөт автордуку

«Түштүк Кыргыз Цемент» заводу
Сүрөт автордуку

Жыйында Усольцев Юрий Александрович, бул номинациянын ээси болуу бир гана менин эмгегим эмес, миңдеген жумушчулардын жылдап аткарган мээнетинин акыбети. Бирок абдан жагымдуу. Биздин ишкана сапаттуулукка өзгөчө көңүл буруп, жада калса салыктарды жана социалдык төлөмдөрдү өз убагында төлөө керектигин билебиз. Өткөн жылы продукцияны өндүрүүнүн көлөмүн 700 тоннага жеткирсек, быйылкы жылы андан да көбүрөөк 800 тонна көлөмдү көрсөтүү планда каралган. Жетекчи катары иштеп келе жатканыма 5 жылдын жүзү болду. Шаар жылдан жылга гүлдөп баратат. Буга негиз катары төрөт үйүнүн капиталдык түрдө оңдолуп жатканы жана заманбап көп кабаттуу үйлөр курула баштады. Учурдан пайдаланып шаар мэринин колдоо көрсөтүп жатканына терең ыраазычылыгымды билдиремин-деди.

Абиш Халмурзаев Сүрөт «Баткен Инфо» сайтынын архивинен алынды

Абиш Халмурзаев
Сүрөт «Баткен Инфо» сайтынын архивинен алынды

Ал эми 2013-жылдын мыкты калаа башчысы деп, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Абиш Халмурзаев аныкталган. “Кыргыз туусу” гезитинин окурмандарына жүргүзүлгөн сурамжылоо менен жылдын мыктылары аныкталды дейт, гезиттин башкы редакторунун түштүк аймактар боюнча орун басары Төлөнбай Абдыразаков, андан ары сөзү улап.-Тарыхый улуу инсандарды өстүргөн калаага болгон сый урмат, эл арасында жашайт, быйыл улуттук туңгуч гезиттин 90 жылдык юбилейине карата Кыргыз Республикасынын премьер министри Жантөрө Сатыбалдиевдин токтомунун негизинде, 90 жылдык маарекесин мамлекеттик деңгээлде белгилөө каралган. 90 жашты аркалаган карыя гезит бүгүнкү күндө калыс сөзүн айтпаса, карыялыгы кайда калат?- деп, элдин тандоосу менен мыктыларды аныктадык деди.
Кыргыз Республикасынын улуттук туңгуч гезити аталган “Кыргыз туусунун” 90 жылдыгына карата, КРнын Өкмөтү Жантөрө Сатыбалдиев үстүбүздөгү айдын 31 де “түз байланышка чыгат. Анда элет жеринин жана шаарлардын көйгөлүү маселелери талкууга алынмакчы. Андыктан алдыда өтчү “түз байланышка” чыгып, суроолорго жооп алсаңыздар болот-деп кошумчалады.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу