СПОРТ

Таймаш татыктуу өттү

Кызыл–Кыя шаарында өткөн футболдук беттешүүгө Бишкек шаарынан 7 команда, андан сырткары Ош, Жалал-Абад, Чүй, Баткен областарынан келген командалар достук беттешүүгө катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Оюндун жүрүшүнө Баткен областынын ыйгарым укуктуу өкүлү Ж. Разаков, КРнын футбол боюнча федерациясынын башкы катчысы Дастанбек Конокбаев, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Абиш Халмурзаев,  шаардык Кеңештин төрагасы А.Маткалыков, Кадамжай районунун акими А. Мадимаров мырзалар катышышты.

Сүрөт автордуку

Оюндун соңунда биринчи орунду Ош, экинчиликти Чүй, үчүнчү орунга Жалал-Абад, төртүнчү орунга Баткендик футболчулар чыгышты. Калыстык кылган КРнын футбол боюнча чебери Э. Сапаевдин билдирүүсүндө, быйылкы жылы футболго болгон кызыгуу өтө жогорку деёгээлде болгондуктан, оюнчулар арасындагы таймаш өтө курч мүнөздө өттү.

Жыйынтыгында атайын белектер менен кошо медалдар тапшырылды.

 

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

 

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу