СПОРТ

Тынчтыкты даңазалагандар

Ош шаарынан чыккан автомото жүрүшүн Кызыл-Кыя шаарынан тосууга чыккан, Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри Жалалидин Рахматуллаев, № 8 КЛнин окуучулары менен меймандарды нан туз менен тосуп алды.

Меймандар Кызыл-Кыя элинин меймандостугун терең сыйлоо менен кабыл алгандыгын билдиришти.

Жолугушуу учурунда Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри Жалалидин Рахматуллаев, Кызыл-Кыя шаардык ардагерлер Кеңешинин төрагасы Абдуганы Абдыкадыров мырзалар тынчтыкты, достукту, биримдикти улуу тутуп, Дүйнө жүзүн аралап келе жаткан бул жүрүштүн катышуучуларына терең ыраазычылыктарын айтышты.

Меймандар тараптан Василий Василиевич сүйлөп, элдин ынтымагы дүйнөнүн тынчтыгы экендигин баса белгилеп, бул улуу жүрүш Өзбекстан, Тажикстан аркылуу улантыларын баяндады.

Сапар улаган меймандар ошол эле күнү Кадамжай районуна бет алышты.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген