КЫРСЫК

Кызыл-Кыя шаарында сарай өрттөнүп, 500 тоок күйүп кеткен

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында сарай өрттөнүп, анын кесепетинен 500 тоок күйүп кеткен.

Маалым болгондой, өрт кырсыгы 17-март күнү саат 03:45 чамасында Кызыл- Кыя шаарындагы Кыргызская көчөсүнүндөгү турак үйдө болгон.

“Өрттү өчүрүүгө Кызыл- Кыя шаардык №62 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 03:59да чектөөгө алынып, 04:42 де толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн кырсыгынан 1 кабатту бастырманын 40 чарчы метр жери күйгөн. Мындан тышкары, сарайдын ичинде 350 тоок,150 жөжө болгон. Өрт кырсыгынан адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес”, – деп айтылат маалымтта.

Барометр.kg

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген