МАЕК

Жыгылган балдарды көрө элекбиз

Кызыл-Кыя шаардагы Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн башчысы Шарабидин Токуров мырзага кайрылып, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Каримованын2013-жылдын 6-сентябрындагы билдирүүсүнө карата өз оюн айтууну өтүнгөнүбүздө ал төмөнкүлөрдү баяндады.

Шарабидин Токуров
Сүрөт автордуку

Бул билдирүүдө «Кызыл-Кыя шаарынын ишке жарамдуу жарандарынын 33 пайызы Россияга акча тапканы кетип, алардын балдары мектепте ачкалыктан эси ооп жыгылып жатышат»  деп айтылыптыр. Чынында жыгылган балдар жөнүндө бизде эч кандай маалымат жок. Көрө да элекбиз. Мындай фактылар болсо бизге билдирсе болмок. Андай болгон чакта КРнын Балдар жөнүндөгү Кодексинин 41-беренесинин I-пунктунун негизинде чара колдонмокбуз. Үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнө кайрылыш керек болчу. Мындай маалымат биздин бөлүмгө түшкөн жок.

Кызыл-Кыя шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмү КР Балдар  жөнүндөгү Кодексинин жана башка ченемдик-укуктук актыларынын  негизинде балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча тиешелүү жумуштарды аткарууда. Шаардык мэриянын балдар иштери боюнча комиссиясына материалдар жөнөтүлүп турат. Мэриянын аппараттык жыйындарында бардык жетекчилерге, кварталдык комитеттерге турмуштук кыйын абалда калган балдар жөнүндө УББК бөлүмүнө билдирип туруу жагы дайыма эскертилет.

Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте турмуштук  оор абалда калган балдарды табуу боюнча такай иш алып барат. 2013 — жылдын 8 айында оор абалда жашаган 12 бала табылды, алардын 5 сү шаардык соттун  чечими менен асырап алууга берилди, 5 балага камкорчу, 2 балага көзөмөлчү дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндөгү Кодексинин 41-беренесинин I- пунктунун «ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган  (40 берене)   балдар жөнүндө маалыматтардан кабардар мекемелердин, (билим берүү мекемелеринин,  дарылоо мекемелеринин, социалдык коргоо мекемелеринин, убактылуу бөлүүчү мекемелердин) кызмат адамдары жана башка жарандар бул тууралуу иш жүзүндө турган жайы боюнча, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө милдеттүү» деген талаптары бардык жетекчилерге тиешелүү. Азыркы мезгилде биздин бөлүм билдирүүдө көрсөтүлгөн «мектеп окуучулары ачкалыктан эси ооп жыгылып жатышат» деген факты боюнча иликтөө жүргүзүп жатат.

Балдардын укуктарын, кызыкчылыктарын өз убагында коргоого алуу максатында шаарыбыздын бардык жарандарын, ишкана, мекеме, уюмдардын жетекчилерин, айрыкча кварталдык комитеттердин башчыларын Кодекстин 40 -беренесинде көрсөтүлгөн балдар жөнүндө маалыматтарды  Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмүнө билдирип туруусун  суранабыз.

Бүгүнкү Кызыл-Кыя — бул экономикасы, маданияты өсүп-өркүндөп жаткан шаар. 2013-жылдын 7 айында өндүрүштүн көлөмү 1 млрд. 921 сомго аткарылып, былтыркы жылдын 7 айына салыштырмалуу 157% түздү.

Шаардык бюджетке түшкөн салыктардын көбөйүшүнөн шаарды көрктөндүрүүгө, түнкү жарыктыктарды камсыз кылууга  болгон аракеттер даана көрүнүүдө. Эл эс алуучу «Достук» аллеясынын, Жинжиген айылында мектептин, «Январский» кичирайонунда 240 орундуу «Алтын балалык» бала бакчасынын ачылуусу натыйжалуу аракеттердин далили болуп эсептелет. Шаарыбыздын  көркүнө көрк кошуп, тазалыгына айрыкча маани берип иш жүргүзүп жатышкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине, айрыкча шаардын мэри Абиш Алыбаевич Халмурзаевге эл ыраазы.  Мына ушулардын катарында турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо чөйрөсүндөгү маселелер да ирети менен чечилип келүүдө. Шаардын социалдык өнүгүү башкармалыгына 2013-жылдын 6 айынын ичинде социалдык иш-чараларды өткөрүү үчүн 616,0 миң сом акча бөлүнүп берилген. Ал эми 2013-жылдын 6-сентябрындагы билдирүү мыйзам чегинде шаардын тийешелүү кызматтары аркылуу чечилүүчү маселе болчу.

Ш.ТОКУРОВ, Кызыл-Кыя шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн башчысы,  мамлекеттик кызматтын ардагери.  

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу