МАЕК

Күздүк эгүү башталуу алдында

Минтип күздүн алгачкы күндөрү башталып, «жөжөнү саноочу» мезгил да келип калды. Караван аймактык башкармалыгындагы баба дыйкандардын учурдагы абалы кандай, алган түшүм аларды канаттандырдыбы, учурда дагы кандай проблемалар жаралып олтурат деген максатта, аймактык башкармалыктын башчысы Айдар Зулпуевди сөзгө тарттык. Төмөндө мына ошол маекке көңүлүңүздөрдү бурабыз.

-Айдар Гапарович, учурдагы талаага эгиндеринин жыйналышы жөнүндө сөз баштасаңыз ?

-Жалпысынан алганда кылкандуу дан эгиндер жыйналып бүттү. Жүгөрүлөр орулуп жатат, ал эми жашылчалар бышып аны дыйкандар өздөрү базарларга алып барып сатышууда. Негизенен, быйылкы талаа жумуштары өткөн жылга салыштырмалуу эрте жыйналып жатат. Азыр буудай жана арпа эгилген жерлерди дыйкандар суугарышып күздүк эгүүгө даярдыктар башталды. Жер тапка келсе айдалып сентябрь айы ичинде күзгү себүү да толук бүтөт.

-Базардагы баалар анчалык деле төмөндөгөн жок. Жашылчалар бул кезде арзан болуп калчу, быйыл көзгө көрүнөөрлүк болгон жок, буга сиздин жеке оюңуз

-Туура айтасыз. Өткөн жылдарга караганда быйыл жашылча-жемиштердин баасы анчалык төмөндөбөдү. Мунун бир жагы өзүбүз өндүргөн жашылчалардын аз санда болгону болсо, экинчи тараптан Өзбекстандан анчалык көп жемиш чыккан жок. Баанын өйдө болгону дыйкандарга жакшы болгон менен алармандарды анчалык  алымсындырбаганын жашырып не. Бирок ошого карабай, шаардын мэри Абиш Алыбаевич өзү кошо аралашып жүрүп, бааларды кыйла төмөндөткөнүн жашырып болбос.

Айдар Зулпуев – Сүрөт автордуку

Бардык сүрөттөр →

Дыйкандардын өзүн базарга чыгарып, а түгүл шаардын көчөлөрүнө чыгып сатууга мүмкүнчүлүк түздүк. Ортомчуларды ортого кошпой, шаар элине жеңилдик болсун дедик. Тактап айтканда БАМ учаскасына, мэриянын маңдай бетиндеги аянтка, ошондой эле эс алуу багынын жанына жашылча-жемиштерди алып чыгып, шаардыктар үчүн базар баасынан 5 сом арзан баада сатылууда.

Мындан сырткары дүң баада  4 тонна картошка сатылуу алдында турат. Негизинен Караван аймактык башкармалыгынын баба дыйкандары шаарлыктардын дасторконуна колдон келишинче айыл-чарба жашылчаларын берип жатат.

Ош-Баткен трассасынын боюна чыгышып, өткөн-кеткендерге соода кылуу да жандуу аракетте.

Дыйкандарга ар тараптан кеңеш жана жардам берип келе жаткан Караван айылынын тургуну Абдилазиз Амировго терең ыраазычылык билдире кетсем ашыктык кылбас. Ал күндөп-түндөп  дыйкандардын суроо-талаптарын чечкиндүү чечип берүүгө, эгиндерин сатууга түздөн-түз жардам берип келет.

-Ак-Булак жана Караван айылдарында учурда кандай жумуштар  аткарылып жатат?

-ПРООНдун жарыялаган конкурсуна катышып, натыйжада 10 даана тигүү машинасын утуп алдык. Аймактагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн эки бөлмө ачып жатабыз. Алар эми ушул жерден эмгектенишет. Жин-Жиген айылында фельдишердик пункт ачылуу алдында турат.

Каравандагы «Чабалекей» балдар бакчасына кошумча бөлмөлөрдү куруу үчүн тендер жарыяладык, тендердин жеңүүчүсү аныкталса анан ишти да башталат.

Идолов Эшмурза деген жигит өзүнүн эсебинен Жин-Жиген айылына спорт аянтчасын куруп берүү демилгесин колго алды. Айланасын тосулуп, жакында ал да пайдаланууга тапшырылмакчы..

-Кайра эле айыл чарбасына кайрылсак, дыйкандар техника жагынан кыйналышпадыбы, Сиздерде канча айыл чарба техникасы бар?

– Быйылкы жылы Караван аймактык башкармалыгында 7 жаңы трактор сатып алынды. Техника көп эле, бирок алардын баары Союз учурундагы техникалар, Алардын негизги көйгөйлөрү кошумча бөлүкчөлөрдүн, тетиктердин жоктугу.  Эскилиги жеткен шаймандар. Ошондой болсо да дасыккан механизаторлор эптеп иштетип жатышат.

-Дыйкандар кредит менен иштөөгө үйрөнүштүбү же дагы эле кыйынчылыктар барбы?

-Кредит менен иштөө башында бир топ кыйынчылыктарды жараткан. Эл көбүн эсе өздөрүнө иштетип жиберип, кайтарымын төлөй албай убара болгон күндөр болгон. Учурда  шаардагы 4 банк менен иштешебиз. Атайын көзөмөл жүргүзүп турабыз. Алынган кредиттер жалаң эле дыйканчылыкка жумшалат. Кредитти иштетүнү дыйкандар «беш колундай» эле өздөштүрүштү.

-Сугат иштери кандай жүрүп жатат?

-Суу маселеси бир аз татаалыраак, ошондой болсо да СПА дыйкандарга кезек-кезеги менен сууну өз убагында жеткирип турууга аракет кылып келишет. Ал эми суу жүрүүчү каналдарды мэрия тарабынан жардамдар көрсөтүлүп,  экскваторлор менен тазаланат. Мындайча айтканда суу коромжосуз эгин талааларга келип жетет.

Учурдан пайдаланып дагы бир жаңылыкты айта кетпесем болбостур. Кызыл-Кыя шаардык кеңештин демилгеси менен Караван менен Ак-Булак айылына ден соолукту чыңдоочу тринажор ачылып жатат. Бул да болсо жаштарды ар түрдүү терс көрүнүштөрдөн оолак болуп, бош мезгилдеринде спорт менен машыгып ден соолуктарын чыңдашат деген үмүттөбүз. Шаардык кеңешке Караван менен Ак-Булак элинин атынан терең ыраазычылык айтамын.

-Ырахмат, маегиңиз үчүн. Ишиңиздерге ийгилик каалайбыз.

-Сиздерге да ийгилик болсун.

Маектешкен: Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу