МАЙРАМДАР

Нооруз салтанатынан

Нооруз салтанатты Кызыл-Кыя шаарында 21-март күнү шаардык мэриянын алдындагы аянтта болуп, ага шаардагы мекеме-ишканалардын жана жогорку орто окуу жайлардын эмгек жамааттары менен кошо жалпы шаардыктар, шаарга келген коноктор зор салтанат менен майрамдашты.
Жаз менен жарышып келген Нооруз майрамы менен шаардыктар менен шаар меймандарын, шаардын мэри А. Халмурзаев менен шаардык Кеңештин төрагасы А. Маткалыков мырзалар куттукташты.
Майрамдык шаан-шөкөт ыр-күү, спорт оюндары менен коштолду.
Боз үйү тигүү, боордош элдердин түркүн түс даамдарын даңазалоо көргөзмөсү боюнча, баш байгени КИТЭП Бат МУнун эмгек жаатты, андан кийинки орундарды КГПИ менен шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери колдон чыгарышкан жок.

Караван айыл башкармалыгында

Кереметтүү Караван айыл башкармалыгында Нооруз майрамынын салтанатты эртең мененки саат 10до, № 8 КЛнин актовый залында ачылышыболуп, анда Караван айыл башкармалыгынын башчысы Айдар Зулпуев, Караван, Ак-Булак, Жингиген айылдарынын жашоочуларын куттуктап, баба дыйкандарды көктөм майрамынын келиши менен чын дилден куттуктады.
Андан соң, айыл башкармалыгындагы балдар бакчасынын жаш тарбиялануучулары тарабынан даярдалган концерти болду.
Айыл башкармалыгынын аймагындагы №8- КЛнин окуучулары, жаш таланттар ыр-күүлөр менен келген элдин купулуна толуп, майрам шаңын чыгарышты. Сүмөлөк таркатылып, аксакалдар ак баталарын беришти.

Ак-булакта

Нооруз салтанатты Ак-Булак айылынын ар бир көчөсүндөгү кварталдык бөлүмдөрдө да жогорку деңгээлде өттү.
Айыл башкармалыгы тарабынан ар бир кварталга Нооруз майрамын өткөрүү үчүн, шаардык бюджеттен 2000 миң сомдон акча бөлдүрүп, башкармалыкка караган 6 кварталга бирдей бөлүгөн.

Каримберди айылында

Шаар менен айыл башкармалыктан бир канча км алым турган Каримберди айылында да Нооруз майрамынын салтанатты өз максатына жетти.
Айыл башчы Кабыл мырза жалпы жашоочуларды Нооруз майрамы менен куттуктап, айыл эли тарабынан даярдалган сүмөлөктү ак бата тилеп ачып берип, аксакалдардын ыраазычылыгын шаар жетекчилигине жеткирерин билдирди.
Бул күнү шаардагы айрым мекемелердин эмгек жамааттары өз алдыларынча да сүмөлөк кайнатышып, Нооруздун урматтына өз тилектерин айтышып, жакшылыктарды тилешти.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу