МАЙРАМДАР

Жоокер болуп төрөлгөндөр

20-февраль күнү Кызыл-Кыя шаарындагы 703- аскер бөлүгүнүн атайын 4-ротанын жоокерлери «Ачык эшик» күндөрүн өткөрүшүп, 23-февраль Мекенди коргоо күнүнө карата өздөрүнүн күжүрмөн даярдыктарын көрсөтүштү.Салтанатты 4-ротанын командири Дамир Алыкулов рапорт алуу менен баштап, Ата Мекенди коргоо күнүнө карата күжүрмөн даярдыктар менен келгендигин баяндады. Андан соң Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэр Ж. Рахматулаев сөзгө чыгып, куттуктоо сөзүн сүйлөө менен мэрия тарабынан даярдалган «Ардак громаталары» мекен сакчыларына ыйгарды.

Сүрөттө 4-ротанын командири Дамир Алыкулов Сүрөт автордуку - Толугу менен →

Сүрөттө 4-ротанын командири Дамир Алыкулов
Сүрөт автордуку - Дагы сүрөттөр →

Жоокерлерди куттуктоо үчүн келген, Кызыл-Кыя шаардык ИИБнүн начальнигинин орун басары Байыш Даткаев, МЧСтин начальниги Эркин Шатманов, УКМКнын башчысы Замир Жолболдиев, «Себат» түрк лиейинин директору Мемет Кара жана башкалар куттуктоо сөздөрүн айтышып, мекен чегинде турган жоокерлерге ийгиликтерди тилешти.
«Ачык эшиктер» күнүнө келген № 1, 6 мектептин окуучуларына 4-ротанын жоокерлери түрдүү ыкмадагы жоокердик даярдыктарды көрсөтүп, көпчүлүктүн көңүлүндө кала тургандай сезим жаратышты.
Андан соң № 6-орто мектептин окуучулары тарабынан даярдалган концерт коюлуп, жоокерлер зор кубаныч менен тосуп алышты.
Рота ичиндеги аскердик куралдарды өз колдору менен кармап, анын иштөөсүнө кызыккан окуучуларга жоокерлер так, кыска жоопторду беришип, аларды Ата мекенди коргоодо колдоно тургандыгын билдиришти.
Жыйындын соңунда конокко келген меймандарга ысык чай узатылды.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу