МАДАНИЯТ

Астанадагы көчөлөрдүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды

Астана көчөсүнө Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Салтанаттуу аземге биздин өлкөнүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана анын казакстандык кесиптеши Бакытжан Сагинтаев жана  залкар жазуучунун уулу Элдар Айтматов катышты. Көчөгө залкар жазуучунун ысымы анын 90 жылдыгын белгилөө алкагында берилди. Кошумчалап кетсек, ушул күндөрү Астанада кыргыз-казак өкмөт аралык кеңешинин жыйыны өтүп жатат.

Белгилей кетсек, Айтматов көчөсү 8 тилкелүү магистралдык көчө болот. 2019-жылы дагы 3 чакырымга узартылат. Муну менен көчөнүн узундугу 7,2 чакырымды түзөт. Көчө шаардын тарыхый бөлүгү менен райондорду бириктирип турат.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген