ЭКОНОМИКА

Көк-Талаа – Пүлгөн жолун оңдоого 7,1 миллион евро бөлүндү

Евробиримдик Ош – Баткен – Исфана унаа жолунун Көк-Талаа – Пүлгөн участогун оңдоого 7,1 миллион евро бөлдү. Бул акча грант түрүндө берилээрин бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушууда Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлү Шантал Эбберект айым айтты. Эки тараптуу экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери талкууланды. 24-25-октябрда Бишкекте Евробиримдик – Кыргызстан экономикалык кызматташтык комитетинин кезектеги жыйыны өтөөрү айтылды.

Азамат Абсаттаров, «Эл жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген