КООПСУЗДУК

Куралды кайтарып, сыйлык ал

Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмү Кыргыз Республикасынын убактылуу өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майында № 32 сандуу буйругунун жана Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигинин 2010-жылдын № 392 сандуу буйругунун негизинде 2010-жылдын апрель айындагы Бишкек шаарында жана ошол эле жылы болгон Ош окуясында жоголгон ок атуучу куралдарды, жарылуучу заттарды таап алган атуулдарга мамлекетке кайтаруу боюнча кайрылуунун негизинде, Кызыл-Кыя ШИИБнүн 2014-жылдын 4-июнь күнү № 91 сандуу буйругунун негизинде Кызыл-Кыя ШИИБнү 1000 сомдон 10.000 сомго чейин акчалай сыйлыктарды берүүнү жарыялайт.
Ал эми эгерде кимдир бирөөлөрдө атасынан баласына мурас катары калтырылган документи жок ок атуучу куралдар сакталып турган болсо, аларга шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан документ түзүлүп мыйзамдаштырылып ээсине кайтарып берилет.

Байланыш үчүн телефондор: 03657-5-04-20, 0778 -39-99- 88
Т. МАМЫТОВ, Кызыл-Кыя ШИИБнүн башчысы, милициянын полковниги.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу