КООПСУЗДУК

Сох окуясынын таасири тийдиби?

Сох окуясы эки элдин ортосуна терс таасирин тийгизбей койгон жок. Чек аралар жабылып, бир канча кыйынчылыктар пайда болгон эле. Эки өлкөнүн сүйлөшүүсү менен тосулган жолдор ачылып, Өзбекстандын Сох районунун тургундары Сох-Кадамжай жолу аркылуу каттай башташкан. Бирок, жараны кайра ырбаган окуяларда болуп жатат.
2013-жылдын 20-февраль күнү саат 18:00 чамасында Баткен районунун Кыштут айыл округунун Сай айылынын тургундары Абсеитов Эркин, Токтобаев Жеңишбек, Эшов Нурлан болушуп алдын ала уюшулган пландарын ишке ашырышат. Тактап айтканда Кадамжай районунун Айдаркен ашуусунан өтүүчү Ош-Баткен авто жолунда Өзбекстандын Сох районуна бара жатышкан 5 авто унаалады токтотушуп, коркутуп, Өзбек жараны Н. Хамзидиновдон ачык түрдө 15 миң сум өзбек акчасын алышып, бир канча өзбек жарандарын уруп сабашкан. Кылган кылмыштарын жабуу максатында окуя болгон жерден качып кетишкен.
Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын тергөө боюнча орун басары Имамназар уулу Алдаярдын айтымында, бул маалымат түшөрү менен Кадамжай ИИБнүн ыкчам иликтөө иши жүргүзүлүп, аталган факты боюнча кылмышка шектүүлөр кармалышты. Өзбек республикасынын 21 500 сум акчасы табылып, далил буюм катары алынган. Бул иш боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 167-ст.2-б.1-п 3-б.2-п , 234-ст 2-б 1-п менен №48-13-30 сандуу кылмыш иши козголуп, Э. Абсеитов, А. Нурмаматов, Н. Эшов, Ж. Токтобаевдер КРнин ЖПКнин 94-ст. негизинде камакка алынып, 23-февралда алардын айыбы угузулуп бөгөт коюу чарасы КАМАК түрү тандалып, азыркы убакта тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Азамат Абсаттаров, «Эл жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу