ӨНДҮРҮШ

Майдандан башталган жүрүш

Кадамжай районуна караштуу Майдан айылынын жашоочулары 11-март күнү жөө жүрүш жасашып, Кызыл-Кыя шаарына кире беришине чейин келишти.
Алардын негизги максаты Шамби-Сайдагы алтын кенин казууну токтотуу, экологияны таза сактап, Исфайрам суусун булгатпоо экендигин ага катышкан ар бир жаран айтып жатышты.
Кызыл-Кыя шаарында токтотулган жүрүштө, жөө жүрүштүн катышуучулары, Жогорку бийликтин эл менен жолугушуусун 19-мартка чейин күтөөрүн, эгер ага чейин эч кандай чара көрүлбөсө, жөө жүрүштү Бишкек шаарына чейин улантаарын билдиришти.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген