КООПСУЗДУК

Мамлекетти алдагандар аныкталды

Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасынын көзөмөл иретинде текшерүүсүнүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин Кызыл-Кыя шаарындагы Тоо кен кырсыктарынан куткаруу кызматынын башчысы, полковник Г. Осмоновдун жана аталган кызматтын каржы кызматынын зардалы, ага лейтенант Ж. Абиповго кылмыш иши козголду.
Г. Осмонов 2011-жылдын сентябрь айынан дайындалып, ошол күндөн тарта Кызыл-Кыя шаарынын жашоочусу Л. Сурова менен 1-кичи райондо жайгашкан 4-үйдүн 24-батиринде жашоо үчүн 3750 сомдон ай сайын берип туру үчүн жазуу түрүндө келишим түзүшөт. Бирок батирде жашабастан, мамлекет тарабынан батирде жашагандыгы үчүн көрсөтүлгөн 3750 сомду батир ээсине ай сайын берген эмес. Жалпы суммасы 52 миң сомду өз кызыкчылыгына иштетип жиберген.
Ал эми каржы кызматкери Ж. Абипов 2012-жылдын 2-июлунан кызматка келип, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Н. Козубаева менен 1-кичи районунда жайгашкан 11-үйдүн 41-батирине ай сайын 3750 сом төлөп жашоо үчүн келишим түзүп, төлөбөстөн жалпы суммасы 22500 сомду өзүнө сиңирип алган.
Натыйжада, бул эки эргулдун мамлекетке жалпы суммасы 74 500 (жетимиш төрт миң беш жүз)сомду түзгөн материалдык зыян келтирген. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Бул туралуу Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасынан билдиришти.

Азамат Абсаттаров, «Эл жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген