КОРОНАВИРУС COVID-19

Саламаттыкты сактоо министрлиги бир айда 1,2 миллион кыргызстандыкты эмдейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги бир айда 1,2 миллион кыргызстандыкты эмдөөнү пландаштырууда. Бул тууралуу брифинг маалында Республикалык иммунопрофилактика борборунун жетечиси Гульбара Ишенапысова билдирген.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө  биринчи доза менен 140 миң 922 адам, экинчи доза менен  84 миң 147 адам эмделди.

Ал Sinopharm вакцинасы аймактар боюнча бөлүнгөнүн жана республикада 847 убактылуу эмдөөчү жай ачылганын маалымдады.

Эскерте кетсек, 11-июлда Кыргызстанга 1,2 миллион доза Кытайдын Sinopharm вакцинасы жеткирилген.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген