МАДАНИЯТ

Самат Дөөлөтбаков: Ушул 5 нерсе сени ылдый тартат

Ырчы Самат Дөөлөтбаков шоу-бизнес өкүлдөрүнүн арасында ар дайым мотивация берген посттору менен өзгөчөлөнөт. Бул ирет да ырчы социалдык баракчасына төмөнкүдөй постту бөлүштү.

“Ушул 5 нерсе сени ылдый тартат:

1. Жасаганыңдан сүйлөгөнүң көп болгону;

2. Жай чечим кабыл алганың;

3. Ката кетирүү коркунучу жогору болгону;

4. Жумуштарыңды эртеңкиге, башка күндөргө калтырганың;

5. Баарына жагууга умтулганың”,-дейт ырчы.

Эскерте кетсек, Самат Дөөлөтбаков ырчы, тревел-блоггер, алып баруучу жана ишкер катары таанымал. #ONE MAGAZINE мырзалар журналынын негиздөөчүлөрүнүн бири.

Барометр.kg

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген