МАДАНИЯТ

Ырыс Жоомартова: Жаштар менен иштешүү-менин азыркы планым

“Балдызка” деп аталган жаңы сериал тартыла баштады. Бул тууралуу режиссер Ырыс Жоомартова социалдык баракчасы аркылуу маалымдады.

“Жапжаңы телесериал “Балдызка” бат эле башталды. Элдин жүрөгүнөн орун алган телесериал болсун, жаштар менен иштешүү – менин азыркы планым, мындан ары бир гана жаштар жана биз.

«Ырыс» студиясынын «Актёрдук чеберчилик» курсунун окуучулары тартылууда жана Мирлан Жетигенов биз менен”, – деп маалымдады режиссер айым.

Эскерте кетсек, Ырыс Жоомартова коомчулукка актриса, режиссер катары эле эмес психолог жана бизнес леди катары да таанылып келет.

Алгач «Дудук кыз» тасмасын тарткан.

 

Барометр.kg

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу