Кыш мезгилинде жылуулукту үзгүлтүксүз берүү максатында 60-лет Киргизии көчөсүндө d=300 мм. 660 метр жылуулук системасын демонтаждоо иштери аткарылып, 60-лет Киргизии көчөсүндө жана 1 кичи районундагы «Макс» кафесине чейин жылуулук камерасынан тартып монтаждалып, бетон тумбалары орнотулуп, жер астынан өтүүчү лотоктор орнотулуп бүткөрүлдү.
![Сүрөт автордуку](http://batken.okhna.com/wp-content/uploads/ZHy-luuluk-zhy-l-boyu-bolot-.gif)
Сүрөт автордуку
Ошондой эле Асаналиев көчөсүндөгү жылуулук куурларын жылдыруу боюнча жылуулук системасы Молодежная көчөсүндө монтаждоо иштери аяктап калды.
Кыскасы, Кызыл-Кыя шаарында кыш бою жылуулук өз учурунда болот деп билдирди, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы ММДинин директору А. Эрматов.
Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити