МАЕК

Баа көтөрүлбөйт, жарык өчпөйт

Кызыл-Кыя шаарындагы «Ошэлектро» ачык акционердик коомунун Кызыл-Кыя райондук электр тармактары ишканасынын сапаттуулукту тейлөө боюнча менеджери Дилбара Курбаналиевна БЕКНАЗАРОВА менен  кышка карата даярдыктар, учурдагы РЭСтеги көйгөйлөр, аткарылган иш-чаралар жөнүндө маектештик.
Төмөндө ошол маекти сиздерге сунуштайбыз.

Дилбара  БЕКНАЗАРОВА Сүрөт автордуку

Дилбара БЕКНАЗАРОВА
Сүрөт автордуку

– Дилбара Курбаналиевна  быйыл кыш катуу болот деген сөз кайра-кайра айтылып жатат. Кышка карата сиздерде кандай даярдыктар болууда, кылычын алып келген кышта жарыксыз калбайбызбы?

-Даярдыктар жаман эмес. Быйылкы жылы капиталдык оңдоолор 96 пайызга, сомго айландырганда, факты боюнча 370 000 сомдук,  кезектеги оңдоолор 111 пайызга (1 253 000 сом) аткарылды. Авариялык оңдоо-түзөтүү иштери -2 964 360 сомду түздү. Энерго обьектилер боюнча капиталдык курулуш жана реконстукциялоого кошумча 6-10.0,4 кВ кубатындагы ТП ( транформатордук подстанция) , КТП (комплекстүү транформатордук подстанция) куруу 1даанага көбөйдү. Анын кубаттуулугу 250 кВАттык транформатор  Кулатов көчөсүнө орнотулду.  Иштеп жаткан 6-10.0,4 кВ ТП, КТП транформаторлорунун 8 даанасын алмаштырдык.

6-10 КВ кабелдик чубалгылары 24 км тарттылды.  Тактап айтканда чубалгыларды тартуу боюнча 239 200 сомдук иш аткарылды. Буга удаа жамгыр өткөн 16 ТПлардын ( транформатордук подстанция) үстүн жабууга үлгүрдүк. Тактап айтканда, «Ж.Д. Алай», «Ромашка», КСМ, «Заря», «Суухана» өңдүүлөр.

-Кыскасын айтканда кышка толук даярдыктар көрүлүп бүттү десек болобу?

-Болот. Бирок анын ичинде көйгөйлөр да жок эмес.

-Кандай көйгөйлөр?

-Жеке кардарлар менен мекеме-ишканалардын биздин ишканага карыздары өтө эле чоң суммага жетип калды. Ачык айтканда 420 249 сом асылып турат.  Мындайча айтканда эмгегибиздин кайтарымы өтө эле аз болуп жатат десек да болот. Эгер ошол кайтарымдар өз убагында төлөнүп турганда мындан да көп иштерди жасасак болор эле.

Быйылкы жылы 4328 жеке кардар электр энергиясын төлөй албай, биздин ишканага  карыз болуп турат. Бул үй-бүлөлөрдүн 31нин ишин  сот, прокуратурага өткөрдүк. Анын ичинен 16 адамдан сот аркылуу 329 556 сом араң өндүрүлдү. Дагы 8 адамдын иши сотто каралууда.

Ал эми 197 ишкана-мекеменин карзы 413 549 сом. Эки жетекчини сотко берип 108 709 сом өндүрдүк. Дагы 5 мекеменин иши сотто каралууда. Кыскарта айтканда, мындай көйгөйлөр учурдагы эң бир талылуу маселе бойдон калууда. Бул биринчиси. Экинчиден элдин баары жарыксыз калбайбызбы, кышта свет өчүп калбас бекен деп кооптонушканы чындык.

Жарыксыз калбоону чындап калбасак, ар бир үй 3 киловаттан ашык электр энергиясын  пайдаланбашыбыз керек. Колдон келсе үйдү жылытууну көмүргө өткөргөн ылайык. Кыш күндөрү ашыкча жылыткычтарды сайып, от жагуудан качып тамак-аш бышыруу үчүн электр энергиясын пайдалансак, алибетте авариялык өчүрүүлөргө дуушар болобуз. Биздин шаардагы электр транформаторлорунун 20 пайызы жаңыланган менен 80 пайызы дагын деле эски экенин билип коюуубуз ашыктык кылбайт.

-«Акылдуу эсептегичтер»  жакынкы аралыкта бизге да келип калар. Ага чейин жөнөкөй эсептегичтерди орнотуп жаткан элеңиздер , бүттүбү?

-План боюнча 2000 даана коюлуш керек эле. Учурда 1491 эсептегичти коюп бүттүк.

-Автоматташтырылган (терминалдар) система өз жемишин бере алдыбы?

-Берип жатат десем аша чапкандык болбос . Мунун биринчи пайдасы эл сөзсүз биздин бухгалтерияга келбейт убакыттан утууда. Экинчиси эсептешүү так гана далилдүү болгондуктан эч ким эч кимди алдай албайт. Баары ачык анан таза.

-Эл ичиндеги баа көтөрүлөт экен деген сөздүн чындыгы барбы?

-Азырынча баа көтөрүлбөйт. Ошол мурунку тариф боюнча эле.

-«Эл экономикага каршы эмес» деген жарнакты кыйла жерге илдиңиздер. Ошол жөнүндө да айта кетсеңиз?

-КРнын премьер министри Ж. Сатыбалдиевдин 2013-2014-жылдарга кышкы карата даярдыктарды көрүү жөнүндөгү кайрылуусунун негизинде жалпы элди жалаң электр энергиясынан гана пайдаланбастан, үйлөрдү жылытууну көмүргө өткөрүүгө үгүттөп чыкканбыз. Ар бир айыл өкмөтүнө, кварталдык комитеттерде жыйын өткөрүп түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. А түгүл семинарларды да уюштурдук. Биз менен кошо Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасы Асилбек Маткалыков кошо жүрүп, электр энергиясынын учурдагы актуалдуулугу жөнүндө кеңири түшүнүк берди. Биздин негизги биздин максатыбыз электр энергиясын туура пайдаланып, жарыктын кадырын билүүгө болгон чакырыгыбыз экендигин баса белгилөө болчу.

-Дилбара Курбаналиевна,Сиз  ишкананын  менеджер катары гезит-журналдарга жазылууга кандай карайсыз? Учурда ушул маселе дагы актуалдуу болуп бараткандай?

– Басма сөзгө түз пикирдемин. Ар бир адам гезитке жазылып окуп турса анын эмнеси жаман. Сиздердин гезитке өткөн жарым жылдыкта жазыла албай калганбыз. Бул ирет сөзсүз жазылабыз.

Гезитке чыккан ар бир макаланы окуйм. Өткөндөгү базарда чыккан өрт жөнүндөгү жазган макалада бизди да кошо күнөөлөгөн экенсиздер, туура көрбөдүк.

-Эмнеге?

-Биз базарга барган транформаторго чейин гана жооп беребиз. Ал эми андан чыкканына биз жоопкер эмес элек. Эгер ошончолук болсо бизге толук өткөрүп берсин базарды. Базардагы желе болуп турган чубалгыларды иретке келтирип, оңдоп түздөп андан кийин жоопкерчиликти мойнубузга алалы.

-Маегиңиз үчүн ырахмат. Ишиңиздерге ийгилик тилейбиз.

-Силерге да.

Маектешкен, Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу