МАЕК

Динге зордоп киргизүү жок

Жакында биз Кызыл-Кыя шаардагы «Аррохман» мечитинин башчысы, «абийир» коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Мухамед ажы Абдикулов менен дин, ошондой эле Сирияга биздин өлкөдөн кетип жаткан балдар жөнүндө маек курганбыз, ошол маекке сиздердин көңүлүңүздөрдү бурабыз.

-Мухаммад ажы, акыркы жылдарда динге болгон кызыгуу уламдан-улам өрчүп баратат. Медалдын эки бетти бар демекчи, анын аркы бетиндеги көрүнүштөргө сиздин пикириңиз? Тактап айтканда, дин жолундабыз деп айткан менен динден чыгып, а түгүл аны саясатташтырып жүргөндөргө кандай карайсыз?

-Динге ишенүү адам затынын табияты. Ар кандай адамдын жүрөгүндө ишенүү бар. Ал ишенимди эч ким жогото албайт. Эгер ошол ишенимге туура багыт берилбесе, анда адам баласы ар кандай ишенимдерге же болбосо ар кандай туура эмес диндерге, сыйынууларга секталарга ээрчип кетет. Дүйнө жаралгандан бери Аллах Таала пайгамбарлар аркылуу адам баласына багыт берип турган. Ар качан адам баласы же болбосо коом бузулган кезде, ошол элдин ичинен пайгамбарды тандаган. Ошол пайгамбарлар элдин аң-сезимине, заманына жараша шарыятты, жашоо шартына ылайык турмуш-тиричиликти, адеп–ахлакты, дыйканчылыкты, чарбачылыкты, ибадатты, кенди иштетүүнү окуу-жазууну, таалим-тарбияны, урмат-сыйды үйрөткөн. Мисал келтирсек: Адам алейхис саламга дыйканчылыкты, Идрис алейхис саламга окуу-жазууну, Нух алейхис саламга кеме жасаганды, Закария алейхис саламга жыгач усталыкты, Дауд алейхис саламга темирди иштеткенди, Иса алейхис саламга медицинаны Муса алейхис саламга сыйкыр алдамчылык экендигин, Жусуп алейхис саламга экономиканы ал эми Мухаммад алийхис саламга эң жогорку адеп-ахлакты, илим-билимди жана азыркы күндөгү болсун, өтмүштө болсун, келечекте болсун кыямат күнүнө чейин адам балдарынын жашоо турмушундагы маселе-мамилелерди толук чечип берген, ар кандай инсан ыраазы боло турган шарыятты үйрөткөн .
Ошондуктан азыркы күндөгү адамдардын динге болгон умтулуулары; өздөрүнүн жүрөктөрүндөгү, турмуш-тирикчиликтериндеги, коомдогу болуп жаткан мамилелердиги маселелер бир гана ислам дининде чечилгенин көрүшүп, анан ушул динге болгон кызыгуулары артып жатат. Мисал келтирсек: намаз окуганда тазалык, гигена, арам нерселерден; сойкулук, арак ичүү, уурулук кылуу, зордук-зомбулук, алдамчылык, жалганчылыкка окшош нерселерден тыйылуу бар. Ата-энеге жана тууган-урука болгон мамилелер, үй-бүлөдө да, көчөдө да коомдо жылуу мамиле жана ынтымактуулука үндөйт. Медал маселесине келсек; Динди бекем туткан мусулман инсан бриллиант сыяктуу болот. Бриллианттын көлөкөсү жок. Анын эки бети эмес төрт тарабы да бирдей, сырты эмес ичи да көрүнүп турат.

-Дин аркылуу дүйнөнү башкарууга болгон аракеттер ачык эле байкалууда. Андыктан диндик саясат ачык да, көмүскө да жарылууга даярданып жаткандай. Мунун аягы эмне менен бүтөт деп ойлойсуз?

-Диндин максаты жер бетине ээлик кылуу эмес. Динди жалпы адам баласына жеткирүү. «Эгер бир аят болсо да жеткиргиле» -деген Пайгамбарыбыздын сөзү буга далил. Ошондой эле «Динге зордоп киргизүү жок. Акыйкат жол адашкан жолдон ачык айкын билинди.» Бакара сүрөсү 556 аяты. –буга далил.

-Акыркы кезде кыямат кайыңжөнүндө байма-бай сөз болуп, а түгүл көркөм фильмдер тартылып жатат. Буга кошумча дүйнөнү сыйкырлап, адамдардын аң-сезимин уурдап жаткандыгы жөнүндө коңгуроо каккандардын саны арбууда. Ушул туурасында сөз кылсаңыз?

-Кыяматтын болушу анык. Бирок качан болушун бир Аллахтан башка эч ким билбейт. Кыямат тууралуу кино эмес сөз жүгүртүү дагы аша чапкан адепсиздик. Кыяматка жана кайрадан тирилип жашаган жашоосуна эсеп-кысап берүүгө ишенүү — адам баласын күнөөлөрдөн кайтарып, сооптуу, кайрымдуу иштерди жасаганга үндөйт.

-Молдо, бакшылардын саны өсүп, медицинага болгон көз караштар өзгөрүп, ден соолугун сыйкырчыларга (көзү ачык же бакшыларга) тапшыргандар тура кылып жатабы?. «Кураний каримде» бакшыларга ишенсе болот деген аят барбы?

-Молдолор элдин жакшылык жана жамандыгында керек. Бирок тилекке каршы терең илим алган молдолор элибизде жокко эсе. Бакшылар, көзү ачыктар, төлгөчүлөр шарыятта аларды «ширк»- деп эсептейт. Аллах Таала кечирбей турган күнөө «ширк» болот.
Пайгамбарыбыз Мухаммад алейхис салам эки илимге көбүраак басым жасаган. Бири илими фыкх (ислам юридикасы), экинчиси илими тыб (медицина). Андан башка илимдерге кызыгууну кайтарган. Анткени, илими фыкх инсандын жашоосу үчүн керек. Мисалы: кантип ибаадат кылуу, сооданы кандай кылуу, үй-бүлөнү тарбиялоо, кимге үйлөнсө болот, кимге болбойт коомдогу мамилелер, ошондой эле күнөөгө, жаза берүү жана башкалар. Ал эми илими тып (медицина) инсандын ден соолугу үчүн керек.

-Сириядагы «кандуу кагылыштарга» барган кыргыз жаштарына болгон көз карашыңыз? Булар чындап эле диний агымдар менен баргандарбы?

-Сирияга барган жаштар тууралуу мен теледен жана элдин оозунан угуп жатам. Бул далил эмес. Ал эми алардын Сирияга баруусу дурус эмес. Андан көрө эр болсо Кыргызстандын ынтымагына, Кыргызстанды дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттердин деңгегээлине чыгарууга салымын кошсун.

(Ажыга берген суроолордун айрымдары жоопсуз калды. Негедир Кызыл-Кыя, Үч-Коргон аймактарындагы Сирияга кеткен жарандар, анда көз жумуп сөөгү келбеген боордошторубуз жөнүндө сөз кылбаганы өкүндүрдү.)

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген